15:44
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Өзгөн районунда өз атасы зордуктаган кыз сырттан окууга которулду

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда өз атасы зордуктаган кыз сырттан окууга которулду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине мектепке чейин, мектеп жана мектептен сырткары биилм берүү башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдылдаева билдирди.

Айтымында, кыз мектепте орто окучу, сабакты калтырган эмес. Анын кош бойлуу экенин дарыгерлер аныкташты.

«Кыз түнт, окуя тууралуу эч кимге айткан эмес. Мугалимдер анын курсагын байкашкан эмес. Кыздын ичи ооруп дарыгерге алып барышкан, алар кош бойлуу экенин айтышты. Аны сырттан окуу бөлүмүнө которушту», -деди Гүлшан Абдылдаева.

Эске салсак, Өзгөндө милиция үйлөрдү кыдырып жүрүп кош бойлуу кызды аныкташкан. Маалыматка ылайык, аны өз атасы зордуктап койгон.

Эң көп окулган жаңылыктар