USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Ата-Түрк эс алуу жайындагы машыгуучу жабдыктарды талкалап кетишти

14:47, 08 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги Ата-Түрк атындагы эс алуу багындагы таштанды салчу челектерди жана машыгуучу жабдыктарды сындырып кетишти. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

Маалыматка таянсак, учурда Бишкек жашылдандыруу чарбасы талкаланган объекттерди калыбына келтирип жатат.

«Машыгуучу жабдыктар атайын шаардыктар жана меймандар үчүн орнотулган. Кышында дагы активдүү жарандарыбыз күн сайын машыгып турушат. Муниципалдык мүлккө аяр мамиле кылууга чакырабыз», -деп билдиришти мэриядан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика