13:54, 08 февраля 2019, Бишкек - 24.kg
Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын оюнчусу Шерзот Шакиров Өзбекстандын «Согдиана» клубуна которулду. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, спортчунун клуб менен келишими 2 жылга түзүлгөн. Бирок ал дагы бир жылга узартылышы мүмкүн.
Белгилей кетсек, «Согдиана» клубу Өзбекстандын жогорку лигасында ойнойт.