12:23, 08 февраля 2019, Бишкек - 24.kg
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын кызматкерлеринин жылдык маянасы 109 миллион сомду түздү. Бул тууралуу «Республика-Ата-Журт» фракциясынын отурумунда депутат Марлен Маматалиев билдирди.
Айтымында, 109 миллион сомду компаниянын 41 кызматкерине коротушкан. «Ушундай эле сандагы кызматкерлерге Каржы министрлиги 70 миллион сом коротот», -деди ал.
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Бакыт Шамкеевдин айтымында, жогорку айлык финансисттердин жетишсиздигине байланыштуу. «Эффективдүү иш үчүн биз коммерциялык банктардын кызматкерлерин тартууга мажбурбуз. Бизде мыкты финансисттер аз», -деди ал.
Бакыт Шамкеев айына 52 миң сом ала турганын кошумчалады.