11:47, 08 февраля 2019, Бишкек - 24.kg
Өкмөттүн «Арзан турак жай» программасы кымбат болууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин «Республика-Ата-Журт» фракциясынын отурумунда айтылды.
Депутат Марлен Маматалиевдин айтымында, мамлекеттик ипотекалык компаниялардын насыясы иш жүзүндө 14-16 пайыздан берилүүдө.
«Ипотекалык компания жакшы көрсөткүчтөргө жете алган жок. Себеби-алгачкы взностун баасы абдан жогору жана пайыздык төлөмдөрдүн суммасы дагы жогору», -деди ал.
«Мамлекеттик ипотекалык компаниялар насыяны 9 пайыздан берип жатканын айтышууда, бирок иш жүзүндө 14-16 пайыздан алып жатышат. Мындан тышкары батирлердин баасы абдан жогору, бул жеңилдетилген турак-жай программасынын принциптерине шайкеш келбейт», -деп кошумчалады депутат.