10:59, 08 февраля 2019, Бишкек - 24.kg
Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда өз кызын зордуктаган киши 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Ош ОИИБдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай чечимди сот чыгарды.
«Тергөө уланууда. Экспертизанын жыйынтыгы чыга элек», -дешти ИИБдан.
Эске салсак, Өзгөндө милиция үйлөрдү кыдырып жүрүп кош бойлуу кызды аныкташкан. Маалыматка ылайык, аны өз атасы зордуктап койгон.