«Коопсуз шаар». Карама-каршы жолго чыкпагыла

09:16, 08 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

Мамлекеттик маалымат технологиялары жана байланыш комитети жана Жол коопсуздук кызматы менен бирге «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу алдында жол эрежелерин сактоону видео роликтер аркылуу эскертет.
 

Анда видео байкоо кандай жол эрежелерин бузууну каттоого алары айтылат. Тасма жети бөлүктөн турат.

Бул жолу айдоочуларга каршлылаш жолго чыгуу, кандай айыпга алып келери айтылат.

Белгилей кетсек, «Коопсуз шаар» бир нече күндөн кийин ишке кирет. 12-февралдан тарта айдоочуларды айыпка жыгып башташат.

Жыл аягына чейин долбоор өлкө боюнча иштеп баштайт.