Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевдин инстаграм баракчасына жазылгандардын саны 150 миңге жетти. Дагы 30 миң топтосо, президент Сооронбай Жээнбековдун расмий баракчасына жетет. Өлкө башчысына 187 миң жаран катталган.
Жанар Акаев жеке сүрөттөрү менен бирге, жолугушуулар жана парламенттеги маселелер менен дагы инстаграмчылар менен бөлүшүп турат.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин баракчасын 18 миң 600 киши акмалайт. «Бир бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулаймановдун баракчасына 14 миң 900 киши жазылган.Вице-спикер Аида Касымалиеванын баракчасына 13 миң 900 катталган.
Дагы бир вице-спикер Мирлан Бакировдун атында дагы баракча бар. Ал 170 киши каттап, бош турат.
Парламент депутаты Акылбек Жапаровдо инстаграмда 4 миң 438, «Ата-Мекен» фракциясынын лидери Алманбет Шыкмаматовдо 3 миң 953, «Республика Ата-Журт» фракциясынын лидери Жыргалбек Турускуловдо 2 миң 565 күйөрманы бар. КСДПнын депутаты Дастан Бекешовдун инстаграмга кошулганына төрт жылга жакындады. Ага 2 миң 504 киши катталган. Рыскелди Момбековго 2 миң 920 киши жазылган.
Депутат Исхак Пирматов баракчасын жабык кармап, электен өткөн 1 миң 181 кишини гана каттаган. КСДП фракциясынны лидери Иса Өмүркулов болсо баракча ачканы менен көңүл бөлбөйт. Катталган кишилердин саны миңге жетпейт. Депутат Динара Исаевага 930 киши жазылган. Депутат жарым жылдан бери баракчасын жаңылабайт.
Махабат Мавлянованын атында эки баракча бар. Экөөндө тең жазылгандардын саны миңге жетпейт. Чыныбай Турсунбековдун 2016-жылы ачкан баракчасында 659 киши бар.

