17:55, 06 февраля 2019, Бишкек - 24.kg
Бүгүн Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарында ылдамдыгы секундасына 15-28 метрге жеткен катуу шамал катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда шамалдын кесепетинен «Чолпон-Ата суу канал» муниципалдык ишканасынын профнастил менен жабылган чатырынын 185 чарчы метри учуп кеткен.
Учурда жеринде Жарандык коргонуунун комиссиясы тарабынан тактоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.