Боом капчыгайында жүк ташуучу унаа оодарылып калды

14:05, 06 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

Боом капчыгайында жүк ташуучу унаа оодарылып калды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн саат 04:00 чамасында Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайындагы 127-чакырымында катталган.

«Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу көмүр ташыган «КамАЗ» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жол четине оодарылып калган. Жабыр тарткандар жок» — деп билдиришти ОИИБдан.