Төө-Ашуу ашуусунда унаа кыймылы үчүн эч кандай тоскоолдуктар жаралган жок

09:22, 06 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

Төө-Ашуу ашуусунда унаа кыймылы үчүн эч кандай тоскоолдуктар жаралган жок. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда ашууда кар жаап жатат. Жумушчулар жолду тазалап, туз сээп жатат. Бирок, унаа кыймылы үчүн чектөө киргизилген жок.

Туннелге орнотулган камералар аймакта катуу шамал болуп жатканын көрсөтүүдө.