УКМК «Манас» аба майданындагы бомба боюнча билдирүүнү текшерүүдө

15:55, 05 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

«Манас» аэропортунда бомба изделүүдө. Бул боюнча УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн саат 15.09 өткөндө УКМКга бомбо боюнча билдирүү түшкөн.

«УКМК жана ИИМ кызматкерлери аэропортто тийиштүү иштерди жүргүзүүдө», — дейт УКМК.

Күбөлөрдүн билдирүүсүндө, аэропорттон адамдар чыгарылды. «Манаска» карай кеткен жол тосулду.