Былтыр «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы 7,4 миллион тонна жүк ташыган

13:37, 05 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы 7,4 миллион тонна жүк ташыган. Бул тууралуу аталган ишкананын башкы директору Канатбек Абдыкеримов билдирди.

Айтымында, 2017-жылга салыштырмалуу жүк ташуунун көлөмү 4 пайызга өскөн.

«Жүк ташуунун көлөмүнүн көбөйүшү жүктөрдү экспорттонун эсебинен болду. Мисалы, көмүр ташуу-160 пайыз, нефтепродукты ташуу −10, курулуш материалдарын ташуу — 4, цемент ташуу −3 эсеге өскөн», -деди Канатбек Абдыкеримов.

Былтыр компаниянын кирешеси 5 миллиард сомдон ашкан.