14:04
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Мас абалда жол кырсыгына кабылган тартип сакчысы жана 6 киши жоопко тартылды

Мас абалда жол кырсыгына кабылган тартип сакчысы менен бирге 6 киши жоопко тартылды. Бул тууралуу маалымат жыйында Бишкек ШИИБнын башчысы Сталбек Рахманов билдирди.

Айтымында, Октябрь РИИБнын 6 жетекчиси буга чейин кылмыштын бетин ачууда башка райондорго салыштырмалуу алдынкы көрсөткүчтө болсо дагы дисциплинардык жоопко тартылышты.

«Кызматтык иликтөө жүргүзүлдү. Жыйынтыгында акыркы 2 жылдан бери кылмыштын бетин ачууда 1-орунда экенине карабай, жоопко тартылышты», -деди ал.

Эске салсак, 21-январда 7-Апрель менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, 1 жаран каза болгон. Кырсыктаган унаанын биринде мас абалында тартип сакчысы болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар