Чүйдө үйлөрдүн биринен өрт чыгып, бир киши каза тапты

10:36, 05 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

Чүй облусуна караштуу Кемин районундагы Боролдой айылында үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Кесепетинен 1961-жылкы киши түтүнгө ууланып каза болгон. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өрт электр зымдарынын кыска туташуусунан келип чыккан.