Бишкекте жолдорду ондоо үчүн 4 миңге жакын бак-дарак кыйылышы мүмкүн

09:43, 05 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте жолдорду ондоо үчүн 4 миңге жакын бак-дарак кыйылышы мүмкүн. Бул тууралуу мэриянын отурумунда маалым болду.
 
Эске салсак, «Бишкектин жол-көчөлөр түйүнүн өнүктүрүү» долбоорунун 2-фазасын ишке ашыруунун алкагында 60 жол оңдоодон өтөт.
 
«Мартта жолдорду калыбына келтирүү иштери башталат. Анда жолдор кеңейтилип, арыктар курулат. Бул бак-дарактардын кыйылышын талап кылат. Эгер биз жолдор заманбап талаптарга ылайык болсун десек, бак-дарактарды кыюуга туура келет. Бирок, кыркылган бактардын ордуна башкаларды отургузабыз. Бишкек жашылдандыруу чарбасы менен иш алып баруудабыз», -деди капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Уланбек Азыгалиев.