09:27, 05 февраля 2019, Бишкек - 24.kg
2008-жылдан бери үлүштүк курулуш муниципалдык программасы боюнча Бишкекте 870 үй-бүлө батирлүү болушту. Бул тууралуу мэриянын отурумунда капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Уланбек Азыгалиев билдирди.
Айтымында, жалпысынан 2 мин 910 арыз келип түшкөн. Анын 1 миң 479у каралды.
«870 киши үйлүү болду. 609 киши документтери туура эмес болгондуктан, алардын арызы каралган жок. 1 миң 431 арыз алдыда каралат», -деди ал.
Уланбек Азыгалиевдин айтымында, жаңы батирлердин ээлери -жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын кызматкерлери, мамлекеттик кызматкерлер, билим берүү, саламаттык сактоо, муниципалдык ишкана, күч түзүмдөрү тармагынын кызматкерлери, пенсионерлер, майыптар жана башкалар.