13:46
USD 87.45
EUR 102.40
RUB 1.12

Былтыр Ысык-Көл облусунда 2 541 миллион сомго продукция өндүрүлгөн

Былтыр Ысык-Көл облусунда «Кумтөрдү» кошпогондо 2 541 миллион сомго продукция өндүрүлгөн. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиялык жыйынына маалым болду.

Билдирүүгө ылайык, 2017-жылга салыштырмалуу физикалык өсүш 115,4 пайызды түзгөн.

Жыйынга катышкан вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун айтымында, айыл чарба тармагында ички дүң продукциясынын көлөмү 22,7 миллиард сомду түздү. Жжыл жыйынтыгы боюнча облуста республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу 101,7 пайызды түзсө, жергиликтүү бюджет планы 102,9 пайызга аткарылган.

Мындан тышкары Жеңиш Разаков кошумчалагандай, Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында Ысык-Көл облусунда бир катар маанилүү объекттер курулган: 74 ишкана, Балыкчы-Корумду жолу, 3 мектеп жана тазалоо курулуштары.

Эң көп окулган жаңылыктар