УКМК Сириядагы согуш аракеттерине катыштыгы бар кыргызстандык жаранды кармады

14:21, 04 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

УКМК Сириядагы согуш аракеттерине катыштыгы бар кыргызстандык жаранды кармады. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 

Фото

Маалыматка ылайык, 41 жаштагы Х.Т. буга чейин ок атуучу куралдарды сактагандыгы үчүн соттолгон. 2014-жылы ал жасалма документ менен Туркияга, кийин Сирияга учуп кеткен.

«Кармалган жаран кыска убакытта эл аралык террорчулуктун функционалдуу күчүнө айланган. Ал Сириядагы согушка катышкан. Кийин Түркияга келип Сирияга жанкечтилерди жөнөтүп турган. Ал УКМКнын тергөө абагына киргизилди», -деп жазылат маалыматта.