Бишкекте Каба уулу Кожомкулга арналган музей ачылат

11:17, 04 февраля 2019, Бишкек - 24.kg , Элеонора КЫДЫРОВА

Бишкекте Каба уулу Кожомкулга арналган музей ачылат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Каба уулу Кожомкул Эл аралык коомдук фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык,саамалык балбандын 130 жылдык мааракесинин алкагында ишке ашырылууда.

«Жаңы ачылып жаткан музейден айтылуу балбандын өзүнө таандык кийим-кече жана буюмдары, фотоаппаратка тартылган эксклюзивдүү сүрөттөрү жана башка сейрек кездешүүчү экспонаттарды табууга болот», -деп билдиришти уюштуруучулар.

Музейдин ачылыш аземи 5-февралда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда орун алат. Башталышы 11:00дө.