Өмүрбек Суваналиев Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болду

09:40, 04 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

Милициянын генерал-майору Өмүрбек Суваналиев Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Өмүрбек Суваналиев 1981-2011-жылдары ички иштер тармагында иштеген. 1995-1997-жылдары ал Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2008-2010-жылдары Нарын облусун жетектеп, 2011-жылы президенттикке ат салышкан.