17:55, 01 февраля 2019, Бишкек - 24.kg
Эртең Бишкекте өспүрүмдөр арасында дзюдо боюнча өлкө чемпиондугу башталат. Бул тууралуу Улуттук дзюдо федерациясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, иш-чара 2-3-февраль күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтөт. Мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан келген 15-17 жаштагы спортчулар катышат.
Билдирүүгө ылайык, эркектер жана кыздар арасында 16 салмак категория боюнча медалдар ойнотулат.