11:00, 03 февраля 2019, Бишкек - 24.kg , Элеонора КЫДЫРОВА
Кыргыз шоу-бизнесинде бош кошкон түгөйлөр ондоп саналат. Аларга суктанган күйөрмандары «кош жылдыз», «бал ширин» деп атап коюшат.
24.kg агенттиги бирге түтүн булатып, турмуш жолунда жана чыгармачылыкта бирге жүргөн кош жылдыздар тууралуу кыскача маалымат даярдады.
Азыркы учурда жылдызы жанып турган ырчы мырзалардын бири Нурлан Насип. Аны дээрлик баардык чыгармаларын жаш-кары дебей сүйүп угушат. Ырчы өткөн жылы Асел Кадырбекова менен кол кармашты. Түгөйлөр учурда тун наристесин күтүп жаткан убагы.
Фото Интернеттен алынды
Кош жылдыздар «Ашык болуу», «Бакытымсың» аттуу ырларды бирге аткарышкан. Жакында эле сөзү Надырбек Алымбеков, обону Каныкей Эралиевага таандык «Ырдалып бүтпөйт махабат» аттуу чыгарманы элге жарыялашты.
Фото Интернеттен алынды
Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын өкүл ата-өкүл апасы "бал ширин" атка конушкан Урмат Усенов менен Неля. Алар учурда 2 баланы тарбиялап жатышат. Бал шириндер буга чейин «Энекем» аттуу ырды ырдап чыгышкан. Андан кийин сөзү Байдылда Сарногоев, обону Алтымыш Кадыровго таандык «Бактылуу болуп жашайын» аттуу чыгарманы аткарышты.
Интернеттен алындыИнтернеттен алынды
Ырчы Эмил Балтагулов жана жубайы Гүлгүнай экөөнүн дуэтинен жаралган «Махабат дастаны» аттуу чыгарма дагы элдин көңүлүнө жаккан.
Фото Интернеттен алынды
Гүланда жана Айбек Карымов көп учурда дуэт аткарышат. Алардын бирге ырдаган «Менин сүйүүм», «Кош канат», «Таалайлуу болуп алалы» аттуу ырлары бар.
Интернеттен алынды
Достор тобунун мүчөсү, белгилүү ырчы Гүлзат Байзакова жана анын жолдошу Ишенбек Календаров «Талым кыз менен Көбөктүн айтышы» аттуу чыгарманы чогуу аткарышкан. Интернеттен алындыИнтернеттен алынды
Мындан сырткары «Кеңеш» тобунун негиздөөчүлөрү Мүзүр Мамбетов жана жубайы Гүлмиранын «Карагат», «Суранам» аттуу ырлары бар. Интернеттен алындыИнтернеттен алынды
Белгилүү куудул, маркум Жаныбек Алыкулов дагы ырчылык өнөрү аркылуу калың журтка таанымал болгон. Анын «Шорпо» аттуу ыры азыркыга чейин ырдалып жүрөт. Куудулдун жубайы Азиза Анарбаева экөө аткарган «Сары жалбырактар» , «Ай жарык» аттуу чыгармалары бар. Интернеттен алындыИнтернеттен алынды
Жаштар арасында өзгөчө популярдуу Айдана Дека жана жигити Аваз Акимов дагы баш кошчу күн алыс эместир. Аларды бириктирген ыр - «Аппагым». Интернеттен алындыИнтернеттен алындыИнтернеттен алынды
Ошондой эле кош жылдыздар Эмгек сиңирген артист Кайрат Пиримбердиев менен жубайы Эльвира Пиримбердиева, белгилүү ырчы Кутман Жолдошев жубайы Мунара, ырчы Жанара Атабекова жана жолдошу Нурбек Айдаров дагы дуэт аткарышкан. Интернеттен алынды