Бузуулар кодексинен түкүрүк түшүнүгү алынды. Эми ал чылым чегүүгө теңелет

14:13, 01 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

Бузуулар тууралуу кодексине өзгөртүү киргизилет. Ички иштер министрлиги түкүрүккө айып пулду миң сомго түшүрүүнү сунуштоодо.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Иманалы Саркуловдун айтымында, кодекстин 1-пункттун 71-беренесинен «түкүрүк» боюнча жобо алынат.

«Биз мунун баарын 53-беренеге жалпылаштырабыз. 53-беренедеги «тыюу салынган жерлерде тамеки чегүүгө болбойт» дегенге эми «социалдык жат аракеттерди да жасоого болбойт» деп кошобуз. Мындай жол менен түкүрүк жана башка коомдук эрежелерди бузуулар үчүн 1 миң сомдон айып салынат», -деди ал парламенттин «Республика- Ата-Журт» фракциясынын отурумунда.