11:53, 01 февраля 2019, Бишкек - 24.kg
Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Ленин айылында көлмөдөгү муз үстүндө бала ойноп жатып сууга түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ӨКМнын куткаруу кызматы 5 мүнөттө окуя болгон жерге барып баланы куткарып калышты.
Бала суу ичинде, музду карманып турган жээктен 15-20 метр аралыкта болгон. Куткаруучулар аркан байланып, муздун үстү менен барып чөгүп жаткан балага аркан ыргытып, тартып чыгышкан.
Жыйынтыгында куткаруучулар 2004-жылкы С.М. аттуу баланы куткарып калышкан, баланын абалы туруктуу.