00:50
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Муз үстүндө ойноп жатып сууга түшүп кеткен бала куткарылды

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Ленин айылында көлмөдөгү муз үстүндө бала ойноп жатып сууга түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ӨКМнын куткаруу кызматы 5 мүнөттө окуя болгон жерге барып баланы куткарып калышты.

Бала суу ичинде, музду карманып турган жээктен 15-20 метр аралыкта болгон. Куткаруучулар аркан байланып, муздун үстү менен барып чөгүп жаткан балага аркан ыргытып, тартып чыгышкан.

Жыйынтыгында куткаруучулар 2004-жылкы С.М. аттуу баланы куткарып калышкан, баланын абалы туруктуу.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума