Жанар Мураканов: Chevening программасы аркылуу кесиптик деңгээлимди көтөрөм

09:47, 01 февраля 2019, Бишкек - 24.kg , Элеонора КЫДЫРОВА

Жанар Мураканов бир жылдан бери Улуу Британияда магистратураны юридика жаатында окууда. Ал белгилүү Chevening стипендиясын утуп алган. Былтыр жүздөгөн талапкерлердин арасынан сегиз Кыргызстандык тандалып, Британияда билимин улантуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Жанар Мураканов Бишкектеги Кыргыз-Түрк Анадолу лицейин, андан кийин жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында «алтын сертификат» алып, Кыргыз-Орус Славян Университетинин юридикалык факультетинде жогорку билим алган.

Окууну аяктагандан кийин банк тармагында иштеп, кийин өзүнүн юридикалык компаниясын ачат. Анын ишканасы банк жана каржы уюмдарына ар түрдүү бизнес суроолор боюнча укуктук көмөк көрсөтөт.

Жанар Мураканов 24.kg агенттигине билимин жогорулатуу жана Chevening стипендиясы боюнча маек курду.

Фото Жанар Муракановдун жеке архивинен алынды

 Chevening стипендиясын кантип утуп алдыңыз?

— Бул стипендиянын талабы боюнча талапкер өзү каалаган 3 университеттин магистратура бөлүмүнө өз алдынча тапшырып, тил билгендигин, лидерлик жана коммуникативдик жөндөмдүүлүгүн далилдей алыш керек. Ага улай академиялык жана кесиптик кызыкчылыгын чагылдырган дилбаян жазат.

Жылдан жылга бул программага катышуучулардын саны көбөйүп, атаандаштык күчөп баратат.

2018-2019-окуу жылы дүйнө боюнча 50 миңге жакын адам катышып, 145 мамлекеттен 1 миң 800 талапкер жактырылыптыр.

Мен учурда Лондондо жайгашкан Сити университетинин укук мектебинде (The City Law School) эл аралык банк жана каржы укугу боюнча магистратурада окуп жатам.

Негизи, Chevening программасы боюнча каалаган 3 англиялык университетке тапшырууга мүмкүнчүлүк бар. Мен Ситиден башка, Вестминстер жана Ливерпуль университеттерине да өткөм, бирок окуу үчүн Ситини туура көрдүм. Мунун бир канча себеби бар. Сити — бул жөн гана университеттин аталышы эмес, бул Лондондун чок ортосунда жайгашкан дүйнөлүк каржы борбор, бул жерде бүткүл дуйнөгө белгилүү ири банктар, камсыздандыруучу жана инвестициялык компаниялар жана башка бир топ ишканалар жайгашкан. Банк жана каржы иштери менен алектенген юристке мындан артык эмне керек?

Chevening программасынын алкагында, ийгиликтүү талапкерлерге окуу жайдын акысы жана Улуу Британияда жашаганга сарптоолор толугу менен төлөнүп берилет. Билим берүү системасы абдан жетишкен өлкө болгондуктан, бул мамлекетте окуу бир топ эле каражатты талап кылат. Ошондуктан, Улуу Британияда магистрдик даража алам деген жаштарга Чивнинг программасын сунуштап кетер элем. Мындай программалардын талабы күчтүү, бирок ийгиликтүү болсоң, окуганга бардык шарттарды түзүп берет.

Фото Жанар Муракановдун жеке архивинен алынды

— Сиз Лондондо жүргөндө жеке юридикалык компанияңыздын иши токтоп калган жокпу?

— Азыр окуума байланыштуу компаниянын бардык иштерине аралашпасам да, маанилүү чоң проекттер боюнча кеп-кеңешимди жана жардамымды берип турам. Күнүмдүк иштерди Бишкектеги кесиптештерим алып барат. Компаниянын негиздөөчүлөрүнүн биримин жана улук партнерумун.

Келечекте бир эле юридикалык компания менен чектелбестен, каржы чөйрөсүнө зарыл болчу атайын адистештирилген борбор ачууну пландап жүрөм.

Менин жеке баамымда, Кыргызстандагы каржы ишканаларынын потенциалы толугу менен ачыла элек. Көбү эл аралык стандарттарына ылайык корпоративдик башкаруу, каржылык тунуктуулук жана туруктуу өнүгүү принциптерине жооп бербей келет.

Менин баамымда, алдынкы 15-20 уюм мындай принциптер менен иштеп, эл аралык жана чет элдик инвестицияларды тартууга жетишсе, жүздөгөн компаниялар андай талаптарга жооп бербейт.

Алар чектелген гана каражат менен иштеп, базар шартында өз функцияларын жакшы аткара албай келе жатышат. Мындан улам, атаандаштык да азайып, насыя жана башка тейлөө кызматтардын наркы жогору болуп, ишкерликти өнүктүрүү, жумуш орундарын түзүү сыяктуу программалар ишке ашпай келет. Мен ушул багытта жергиликтүү компаниялар менен иш алып барып, алардын институционалдык жана каржылык туруктуулугун, ошондой эл инвестициялар менен иш алып баруу жөндөмдүүлүгүн жогорулатканга көмөктөшкүм келет.

— Англис тилиңиз Британия окуу талаптарына жооп бердиби?

— Кыргыз, орус, түрк жана англис тилдерин билем. Шекспир болбосом да, университеттин программасын аткарууга жана курсташтар менен баарлашууга жетиштүү деңгээлде билем.

Тилден, менимче, бардыгы эле алгач кыйналса керек. Мурунтан англис тили колдонулган чөйрөдө окуп же иш алып барбагандыктан, мен да башында жакшы эле сүрдөдүм.

Лондондо канча улут жашаса, ошончо англис тилинин түрү бар, акценттери ар башка.

Бирок, күн өткөн сайын, жоро-жолдош көбөйгөн сайын акырындан ички чектөөлөр азайып, жакшы эле сүйлөп калдым.
Фото Жанар Муракановдун жеке архивинен алынды

— Лондондогу кыргыздар менен байланыш барбы?

— Мени менен бирге келген Chevening программасынын катышуучулары менен байланышып турам. Андан сырткары, ар кандай ишканаларда иштеген кыргызстандыктарга да жолугуп калам. Көбүнчө, социалдык тармактардан байланышып турабыз, убакыт болсо жолугуп, тамактанып же бир иш-чараларга катышып калабыз. Бүгүн эле бир кыргыз жигит менен таанышып, келерки жумада жолугуп тамактанмай болдук. Өткөн жумада Франциядан келген кыргыз кызга жолугуп, Лондондун борборун көрсөткөнгө жарадым.

Мен окуган университетте кыргызстандык бир кыз окуйт, жогорку окуу жайын Лондондон бүтүрүп, азыр магистратурада окуусун улантууда.

— Фейсбукта «апам юрист болбой эле ашпозчу болуп калдың го деди» деп жазыптырсыз, чет жакта жатаканада жашайсызбы же үйдөбү?

— Жеке үйдө турам. Англияга кетеримди кеч билип, университеттин жатаканасынан орун алганга жетишпей калдым. Лондондо жол кире менен тамак-аш кымбат. Орточо эсеп менен, бир кишинин тамактанганы 1 миң 500 сомго барса, кофе 500-600 сом болот. Ошондуктан, мен эртең мененки жана кечки тамакты өзүм үйдө жасайм. Көбүнчө, жашылчадарды кууруп соус кылып, ага спагетти, күрүч же пюреден гарнир даярдайм. Улуттук тамактан бир гана күрүч баса алат экенмин. Манты же лагман жасай албайм. Беш бармакты бир кишиге жасаган ыңгайлуу болбогондуктан, аны деле жасабайм.

Ал эми Кыргызстанда апам менен бир туугандарымдан сырткары, келинчегим жана 6 жашар уулум, 3 жашар кызым бар. Алыста жүрүп, көбүнчө балдарымды сагынам. Азыркы технологиялардын жардамы менен, аларга менин бар-жогум деле көп билинбесе керек. Ошентсе да, балдарды карап, мага өзгөчө күйөрман болгон келинчегиме абдан ыраазымын. Кыргызстанга бара элекмин, ушуну менен биротоло окууну бүткөндө келем.

Фото Жанар Муракановдун жеке архивинен алынды

-Тажрыйба топтоо үчүн ал жактагы компанияларда практика өтөп каласызбы?

-Университетке ар жума сайын ондогон компаниялардан сунуштар түшүп, ар кандай жолугушуулар өтүп турат. Батыштын ири компанияларында адамды жумушка алуу процесси орто эсеп менен бир жыл уланат, күзүндө арыз берип баштаса, жазга маал интервьюдан өтүп, кайра күзүндө жумушка алат. Бул процесске өтө кылдат мамиле кылынат экен, чалды-куйду эле ишке алып, же кайра бошото беришпейт.

Жеке мен өзүм кышкы каникул убагында практика өтөгөндү туура көргөн жокмун. Анткени, эс алуу болсо да, биринчи чейректин жыйынтыкталуучу сынактарын тапшырууга туура келди.

-Окуудан бош убактыңызда эмне менен алектенесиз?

— Бош убакыт өтө деле көп эмес, окуудан сырткары ар кандай маданий иш-чараларга барып калам. Лондондо күнүгө миндеген иш-чаралар өткөрүлөт. Атайын тиркемелер аркылуу жазылып, билет алып, катышып турам. Мисалы, келерки аптада белгилүү профессор башка университетте лекция берет экен, кесибиме керектүү болгондуктан барганы турам. Андан сырткары, жуманын аягында батыштын юридикалык компаниялары кантип иш алып барары тууралуу иш-чара болот, ага да жазылып койдум.

Ошентсе да, 2-3 күн бош болсом эле Лондондон сырткары чыгып эс алганды жакшы көрөм. Улуу Британиянын кичи шаарларын абдан жактырам. Тынч жана эл аз шаарчаларда жөө басып кыдырганды жакшы көрөм. Бүгүнкү күндө Оксфорд, Бат, Кардифф, Бристоль жана Брайтон шаарларында болдум. Келерки жумаларда Бирмингем менен Кембриджге барсам деп атам. Жазында түндүк тарапка, анын ичинде Манчестер, Ливерпуль, андан ары Эдинбургга барсам деп пландаштырып атам.

Жанар Мураканов

-Жергиликтүү калк эмнеси менен сизди таң калтырды?

— Жергиликтүү эл деген Лондонго өтө аз тиешеси бар, анткени бул шаарда жүздөгөн улуттардын өкүлдөрү жашайт. Менин чет элдик экеним деле билинбейт, мага окшогон миңдеген азиаттар деле лондондук болуп жүрүшөт.

Ошентсе да, мага өзгөчө көзгө урунган бир-эки сапаттарды байкадым.

Британиялыктардын кезек күтүү маданияты абдан күчтүү.

Алдыга жулунган кишини көрүүгө болбойт. Бир сызыкка тизилип, абдан чыдамкайлык менен кезекте турушат. Башында келгенде супермаркетте түз эле кассирге барсам, «артыңызда кезек бар», — дейт. Карасам он чакты киши 5- ары жакта, унчукпай тизилип турушуптур. Уялып кетип, кезектин артынан орун алууга туура келди. Метродо да элдин көптүгүнө карабай, биринчи вагондон элди чыгарып, андан кийин батышынча кирип, батпай калганы эмдиги поездди күтүп кала берет.

Менин байкашымча, лондондуктар өзүнүн жана башканын убактысын абдан баалашат. Келбей коюп же кечигип деген жокко эсе. Транспорттук система да минутасына чейин так жүрөт. Ондоо иштери боло турган болсо, алдын ала жарыяланып, башка транспорт колдонгула деп кабарлап турат. Ушунча болуп, бир да жолу поезд же автобус өз убактысынан кечиккенин көргөн жокмун.

Жанар Мураканов

Мага жакпаган жагдайларга кайрылсам, Лондондогу калктын көптүгү жана шаардын чоңдугу. Чакан шаарга көнүп калгангабы, айтор, бир жерге барып келгенче эле эсим ооп, чарчап калам. Ошондой эле, тамактануучу жайлардын тардыгы таң калдырат. Кенен жана жайбаракат отурчу ресторандар деле бардыр, бирок көбүнчө кафелерде столдор өтө жакын жайгаштырылат. Элдин көптүгүнөн кээде ызы-чуу болуп, өзүңдүн үнүң угулбай калат.

Бишкектегидей өзүнчө орноштурулган, эч ким кирип-чыкпаган, төшөктө бутуңду сунуп жатчу чайханалар көздөн учат.