USD87.45EUR98.08RUB1.04
24.kg

Ок атышуу. Аскат Үсөнов менен Дастан Бейшенкулов тергөө абагына киргизилет

09:18, 01 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

Токмок шаарында болгон от атышуу окуясынын катышуучулары Аскат Үсөнов менен Дастан Бейшенкуловду Бишкектеги № 1 тергөө абагына киргизишет. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жактоочу Алтын Бектурова билдирди.

Айтымында, мындай чечимди сот кабыл алды. Аскат Үсөновго бейбаштык айыбы тагылууда. Дастан Бейшенкуловго адам өмүрүнө кол салуу, пара талап кылуу жана чоочун мүлктү жок кылуу айыбы тагылды.

Эске салсак, 25-январда Токмок шаарына жакын жерде ок атышуу болгон. Чүй ОИИБсы окуяны болгон жок деп четке кагууга аракет кылган. Бирок, 29-январда болгон маалымат жыйында ведомствонун башчысы Самат Курманкулов окуянын болгонун, аны алгач ЖМК өкүлдөрү айтып чыкканын мойнуна алган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18