17:15, 31 января 2019, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда 30-январда 467 наристе төрөлүп, 111 киши каза болгон. Мындай маалыматты БУУнун статистика департаментинин билдирүүсүнүн негизинде онлайн-сервис countrymeters жазды.
Аталган кызмат 2019-жылы 14,02 бала төрөлүп, 3,32 киши каза болгонун жазды.
Кыргызстандын калкынын жалпы саны 30-январда 6 миллион 303 миң 211 кишини түздү. Анын 50,7 пайызы аялдар, 49,3 пайызы эркектер.