Салык терминдери кыргызчага которулду

15:48, 31 января 2019, Бишкек - 24.kg

Салык терминдеринин кыргызча жана орусча сөздүгү жарык көрдү. Бул тууралуу Салык кызматы билдирет.

Алардын маалыматында, сөздүк 3 миң сөздөн турат. Терминдерди мекеменин кызматкерлери эки жыл которушкан.

«Бул салык терминдеринин биринчи сөздүгү жана Кыргызстанда биринчи жолу мамлекеттик орган өз алдынча сөздүк даярдап чыгарды», — дейт кызмат.

Фото