Суроо-жооп. Жоолук менен бетти чүмкөө милдет эмес

14:46, 31 января 2019, Бишкек - 24.kg

24.kg агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Ээкти жоолук менен жабыш керекпи?

Жооп: Мусулман бет менен ээгин жаппай жүрө алат. Мусулман кийин узун, кенен жана аурат жерлерин жапкан болуш керек. Куранда бул боюнча аят бар. Анын мааниси мындай: "О пайгамбар, өзүңдүн аялдарыңа, кыздарыңа алар кийимдерин узартышы керектигин айткын. Аны менен алар такаба экенин көрсөтүп, кемсинтүүдөн алыс болушат. Кудай кечиримдүү"("аль-Ахзаб", аят 59).

Аят жана хадистерде мусулмандардын кийимдери боюнча көп эле айтылат. Бирок, биринде дагы ээкти жабуу керектиги белгиленбейт.