Улуу жана кичүү муундагы ырчылардан дуэт

12:19, 31 января 2019, Бишкек - 24.kg , Элеонора КЫДЫРОВА

Кыргызстанда шоу-бизнес өкүлдөрү арасында дуэт аткарып чыккан ырчылар арбын. Айрымдары достору, жакын санаалаштары менен бирге чыгарма аткарышса, кээ бири улуу муундагы ырчылар менен ырдагандар.

24.kg агенттиги улуу жана кичүү муундагы ырчылардан дуэттерди тизмектеди:

Улуу муундагы ырчылардын сап башында Кыргыз эл артисти Саламат Садыкова турат. Ал күйөө баласы ырчы Кубаныч Сатаев экөө «Кыргызстаным алгала» аттуу ырды бирге аткарышкан. Ырдын сөзү Саламат Садыкованын тун кызы, ди-джей Кундуз Авашевага, обону Кубаныч Сатаевге таандык.

Фото Интернеттен алынды

Мындан тышкары ырчы Саламат Садыкова менен «Кыз-Бурактын» мурунку мүчөсү Сайкал Садыбакасова экөө «Ак-Кайың» деген ырды чогуу аткарган видео интернетке тараган.

Интернеттен алынды
Интернеттен алынды

Белгилүү эстрада ырчысы, Эмгек сиңирген артист Бек Борбиев устат катары көптөгөн жаш ырчыларды уядан учурган. Ырчы Малика Дина экөөнүн аткаруусундагы «Жүрөгүм бүгүн» аттуу чыгарма көпчүлүктүн көңүлүнө жакты.

Фото Интернеттен алынды

Мындан сырткары ырчы Сайкал Садыбакасова менен «Секелек» аттуу чыгарманы аткарышты.

Фото Интернеттен алынды

Бек Борбиев Назми менен «Карындаш», Жумагүл Раимжан кызы менен «Кимди сүйөсүң» аттуу ырларды да аткарган. Аты таанымал болуп калган рэп ырчысы Добр менен дагы «Жапалак» аттуу ырын өзгөчө кылып ырдашкан.

Интернеттен алынды
Интернеттен алынды
Интернеттен алынды

Кыргыз эл артисти Гүлнур Сатылганова Адилет Азимов менен дуэт аткарган. Алардын «Болсочу» аттуу чыгармасы миңдеген көрүүчүлөргө жаккан.

Фото Интернеттен алынды

Мындан сырткары Гүлнур Сатылганова Омар менен «Без тебя скучаю», Мирбек Атабеков менен «Обон», Каныкей менен «Нандын жыты» аттуу чыгармаларды аткарган.

Интернеттен алынды
Интернеттен алынды
Интернеттен алынды
Интернеттен алынды

Белгилүү куудул, ырчы Кубик Абдыкалыков менен кызы Айперинин дуэтинен жаралган «Адамзат» аттуу чыгармасы бар.

Фото Интернеттен алынды

Ырчы, Эмгек сиңирген артист Расул Маматкулов кызы Айгерим менен «Мен кыргызмын» аттуу мекенчилдикке үндөгөн ырды бирге аткарышкан.

Фото Интернеттен алынды

Эмгек сиңирген артист Динара Акулова ырчы Арсен менен бирге «Жайлоодо» аттуу эски ырды аткарып чыгышкан.

Интернеттен алынды
Интернеттен алынды

Эмгек сиңирген артист Алтынай Нарбаева жана жаш болсо дагы таланты менен эл оозуна алынган Эмгек сиңирген артист Мирбек Атабеков «Мен сени сүйөм өмүр» аттуу ырды бирге аткарышкан.

Фото Интернеттен алынды

Эмгек сиңирген артист Айчүрөк Иманалиева менен ырчы Курал Чокоевдин дуэтинен жаралган «Айла жок» аттуу ыры бар.

Интернеттен алынды
Интернеттен алынды