2018-жылдын декабрь айында жүргүнчүлөрдүн талабынын негизинде Бишкек-Ташкент рейсинин графигине өзгөртүүлөр киргизилген.
Айрым ЖМКларда жарыяланган маалыматка ылайык Казакстандын Транспорт комитети Бишкек-Ташкент рейсине өзүнүн жүргүнчү ташуучу компаниясын киргизүүгө кызыкчылыгы болгондуктан ушундай чектөөлөргө барууда. Бул маалыматты Кыргызстандын Транспорт министрлигинин өкүлү тастыктаган да, төгүндөгөн да жок.
Кыргызстан менен Өзбекстан Бишкектен Ташкентке жүрүүчү рейсти 2018-жылдын май айында эки өлкөнүн өкмөтүнүн келишиминин негизинде ишке киргизген.