Ош шаарынын айрым райондорунда жаратылыш газын берүү чектелет

17:19, 30 января 2019, Бишкек - 24.kg

Ош шаарынын айрым райондорунда жаратылыш газын берүү чектелет. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, оңдоо иштерине байланыштуу жаратылыш газы төмөнкү даректерде берилбейт.

  • 31-январда (9.00-17.00) — Ишматов, Шаумян, Төлөнов, Крылов, Физкультурная көчөлөрүндө, «Туран» кичи районунда;
  • 1-февралда (9.00-15.00) — Монуев, Памирская, Фуркат, Маруфий, Бакинская көчөлөрүндө.