Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

16:19, 30 января 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик чек арасы убактылуу жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, коңшу мамлекетте улуттук Жаз майрамы белгиленет.

Буга байланыштуу «Торугарт -Эркеч-Там» көзөмөл-өткөрүү пункттары 2-февралдан тартып 10-февралга чейин жабык болот.

Көзөмөл пункт 11-февралдан тарта жанданат.