Жаңы-Алай айылында окуучулар жана мугалим иске ууланышты

15:07, 30 января 2019, Бишкек - 24.kg

Ош облусуна караштуу Жаңы-Алай айылында окуучулар жана мугалим иске ууланышты. Бул тууралуу маалыматты 24.kg агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинен тастыкташты.

Маалыматка ылайык, кечээ 18 бала тез мөөнөттүү кароо бөлүмүнө келип түшкөн. Учурда алардын баары үйүнө чыгарылган.

Мугалим дагы медициналык жардам алгандан кийин үйүнө кеткен.