Тоо-кен казуу тармагынан жалпы бюджетке 12 миллиард сомго жакын киреше түшөт

14:06, 30 января 2019, Бишкек - 24.kg

Азыркы учурда тоо-кен казуу тармагынан республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге 12 миллиард сомго жакын киреше түшөт. Бул тууралуу Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук Кеңешинин жыйынында билдирди.

Айтымында, бул ички дүң продуктунун 8 пайызына жакын жана өнөр жай продукциясынын көлөмүнүн 44 пайызын түзөт.

«Өлкөнүн 18 миңден ашык жараны тоо-кен казуу тармагынын өндүрүш ишине тартылган. Тоо-кен өнөр жайынын негизин алтын кен тармагы түзөт, чет элдик компаниялардын инвестициялары негизинен ушул, алтын казуу багытында болуп жатат», -деди мамлекет башчы.