11:45, 30 января 2019, Бишкек - 24.kg
29-январдан 30-январга караган түнү Жалал-Абад облусуна караштуу Үч-Коргон айыл аймагынын Жылкоол айылындагы ачык аянтта жыйылган 10 тонна чөп күйгөн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт саат 00:36да чектөөгө алынып, саат 02:05де толук өчүрүлгөн.
Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Кошумчалай кетсек, өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 14 бөлүм тартылган. Чүй облусунда-3, Жалал-Абал облусунда-2, Ысык-Көл облусунда-2, Ош облусунда-1, Талас облусунда — 1, Ош шаарында-1, ал эми Бишкекте 2 өрт кырсыктары катталган.