11:18, 30 января 2019, Бишкек - 24.kg
Тогуз-Тородогу алтын чыгаруучу фабрикада болгон өткөн жылкы чыр-чатак чагымчылдар тарабынан уюштурулган. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин отурумунда президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.
Мамлекет башчы билдиргендей, инвесторлор менен жергиликтүү элдин ортосундагы чыр-чатакка лицензия берүүдөгү жемкорлук себеп болууда. Буга элдин маалыматы жоктугу дагы кошумча.
«Макмалда чыр-чатак болду. Баарын түшүндүрүштү эле, эл тынчып калды. Инвестор эми тынч иштеп жатат. Былтыр чагымчылдардын айынын келишпестиктер болду. Алар эч нерсе болбогондой жүрүшөт, ал эми жаштар жоопко тартылып калды», -деди президент.
Эске салсак, былтыр апрелде Тогуз-Торо районунун тургундары митингге чыгып, алтын чыгаруучу ишкананын курулуп жаткан объекттерин өрттөшкөн.