10:52, 30 января 2019, Бишкек - 24.kg
Тартип сакчысы кызды зордуктоого шектелип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Ысык-Ата РИИБга 28 жаштагы кыз кайрылган. Ал 27-январда болжол менен саат 4тө Новопокровкадан аны бир канча бала зордуктаганын айткан.
«Кылмышка шектүү делип Бишкектеги Свердлов РИИБнын кызматкери айтылууда. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди», -деди ОИИБдан.