Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

09:07, 30 января 2019, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, оңдоо иштерине байланыштуу жарык төмөнкү даректерде өчөт:

Саат 9:00дөн 17:00гө чейин 7-кичи райондогу № 9, 9А үйлөрүндө;

Саат 9:30дан 12:00гө чейин 7-кичи райондогу № 10-12, 10А, 33 үйлөрүндө;

Саат 9:00дөн 17:00гө чейин 9-кичи райондогу № 42, 44, 46 үйлөрүндө;

Саат 10:00дөн 18:00гө чейин Көк-Жар конушундагы Арстанбап, Көк-Жайык, Көк-Жаңгак, Кулмурзаев;

Саат 9:30дан 17:00гө чейин Москва, Гоголь, Осмонкул, Герцен, Сүйүмбаев, Бөкөнбаев, Матросов, Медеров көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө;

Саат 9:30дан 17:00гө чейин Эне-Сай конушундагы 8-14-көчөлөрүндө;

Саат 9:30дан 17:00гө чейин Киргизия-1 конушундагы Мост, Самойленко, Центральная, Парк, Абдырахманов, Запад көчөлөрүндө электр жарыгы жок болот.