Коомдук жайларда түкүргөндөрдүн саны кыскарды

15:50, 29 января 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте түкүргөндөрдүн саны азайды. Бул тууралуу «Бузуулар тууралуу Кодексте эмнелер өзгөрдү?» деген темада өткөн тегере столдо шаардын санитардык-экологиялык инспекциясынын башчысы Керимбай Чойбеков билдирди.

Иш-чарада Ак Үйгө түкүргөн бала тууралуу кеп болду.

«Коомчулукка бул Кодекстер таасир берди, коомдук жайларда түкүргөндөрдүн саны кыскарды. Бул биздин коомдун жеңиши», -деди Керимбай Чойбеков. Ал билдиргендей, шаардыктар таштанды таштабай калышты.

Эске салсак, 1-январдан тарта Кыргызстанда жаңы Кодекстер ишке кирген.

 

.