13:44, 29 января 2019, Бишкек - 24.kg
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүүгө даярдыктар боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан маалымдашты.
Кеңешменин жүрүшүндө Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи баскычын ишке киргизүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.
Анын маалыматы боюнча, 2018-жылдын 27-декабрында Бөкөнбаев — Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде, Лебединовка айылында 7,6 км, 10 км чекте, 2018-жылдын 29-декабрында Байтик Баатыр жана Манас көчөлөрүндө аппараттык-программалык комплекстер (АПК) орнотулган. Бул комплекстер тесттик режимде иштеп жатат.
«2019-жылдын 8-январынан тарта монтаждык жана жөндөө-ишке киргизүү иштерди аткаруу үчүн Бишкек шаарынын 10 жол кесилиши үчүн биринчи баскычтын 1-фазасынын жабдуулары толук ташылды, ошондой эле 17 стационардык чекти жана 20 көчмө аппараттык-программалык комплекстерди жабдуу үчүн келип түштү. Долбоордун биринчи фазасын жүзөгө ашырып баштоого бардык тиешелүү уруксат кагаздары алынган жана буга катар кийинки фазаларга уруксат кагаздарын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Ошондой эле белги салуу жана жол белгилерин жаңылоо иштери жүрүүдө», — деп билдирди Бакыт Шаршембиев.
Ал белгилегендей, 2019-жылдын 12-февралынан тарта «Коопсуз шаар» долбоорунун 1-фазасынын бардык тилкелерин тесттик режимде иштетүү пландаштырылууда.
Эскертсек, Долбоорду ишке ашыруу 4 баскычка бөлүнгөн, ага ылайык, Бишкектеги 38 кесилишке фото- жана видеожабдуу жана 4 стационардык чектик АПК орнотулат, анын ичинде Чүй облусу боюнча 48 стационардык чектик АПК жана 20 көчмө чектик АПКны орнотуу пландаштырылууда.