Кыргызстанда бир жумада доллар 69,9 сомго чейин көтөрүлдү

10:48, 29 января 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда бир жумада доллар 69,9 сомго чейин көтөрүлдү. Өткөн жумада Улуттук банк жасаган интервенция акыркы 2 айда биринчи жолу жыйынтык берген. Доллардын сатылыш курсу 69,8 сомго чейин түшкөн. Бирок, бул жумада кайра 69,9 сомго жетти.

Долларды сатып алуу дагы 10 тыйынга кымбаттаган. Бүгүн Бишкектеги коммерциялык банктар долларды 69,7-69,75 сомдон сатып алышууда.

Улуттук банк 2018-жылдын ичинде 168,25 миллион АКШ долларын сатуу боюнча тогуз ирет интервенцияны ишке ашырган жана 20,55 миллион АКШ долларын сатып алуу боюнча эки ирет интервенция жасаган.