09:29, 29 января 2019, Бишкек - 24.kg
Жалал-Абад облусунда баңги каражаттарын жайылткандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Токтогул районунда гашиш сатып жаткан учурда шектүү катары эки жаран кармалды. Алар Жалал-Абад облусунун 30 жаштагы тургуну Ш.уулу И., жана 29 жаштагы тургуну К. уулу Т. болуп чыкты.
Текшерүү учурунда 5 килограмм 415 граммды түзгөн жашыл-күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар зат жана жарым миллиондон ашык акча каражаттары табылган.
Алынган заттын гашиш экени аныкталды.
.