ШКУга даярдык. Улуттук филармония оңдоо иштери үчүн жабылат

16:33, 28 января 2019, Бишкек - 24.kg

Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясы оңдоо иштери үчүн жабылат. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин социалдык маселелер боюнча комитетинин отурумунда маданият министринин орун басары Кайрат Иманалиев билдирди.

Анын айтымында, 25-апрелде филармонияда Улуттук салттуу музыканын күнүнө карата гала-концерт уюштурулмак.

«Гала-концерт драма театрда өтөт. Анткени филармония ШКУнун саммитине карата даярдык иштерине байланыштуу оңдоо үчүн жабылат», — деп билдирди Кайрат Иманалиев.