16:28, 28 января 2019, Бишкек - 24.kg
2018-жылдын жыйынтыгында Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,4 миллиард долларды түздү. Бул тууралуу каржы министри Бактыгүл Жээнбаева Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде «КР Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди.
Маалыматка ылайык мамлекеттик карыздын 85,7 пайызы тышкы карыз, 14,3 пайызы ички карыз болуп саналат.
Жыл ичинде мамлекеттик карыздарды тейлөөгө 23,7 миллиард сом жумшалды. Министр мамлекеттик карыздарды тейлөөгө жумшалган каражаттын 7,1 миллиард сому алынган насыялардын үстөк пайызын жабууга, ал эми 16,7 миллард сому негизги карыздарды жабууга чегерилгенин айтты.
«Өткөн жылы мамлекеттик инвестициялар программасы боюнча түшкөн каражат 19,6 пайызды түзүп, план 75,8 пайызга гана аткарылды. Анын ичинде, гранттар — 5,7 миллиард сом, насыялар — 9,2 миллиард сом», — деп кошумчалады ал.