Аргынбек Малабаевдин абалын орто деп баалашууда

13:46, 28 января 2019, Бишкек - 24.kg

Дарыгерлер жол кырсыгына кабылган мурунку Унаа министри Аргынбек Малабаевдин абалын орто деп баалашууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Бишкектеги Травматология жана ортопедия улуттук борборунан билдиришти.

Маалыматка караганда, бейтаптын баш мээси чайкалып, көкүрөк клеткасы жабыркаган. Мындан тышкары бир канча кабыргасы сынган.

«Бейтап эртең менен жандандыруу бөлүмүндө болчу, азыр анын абалы турукташты. Балким, аны кадимки палатага которобуз. Калган бейтаптар нейротравма бөлүмүндө жатышат. Алардын баш мээси чайкалган», -деп билдиришти борбордон.

Эске салсак, Белогорка капчыгайынан жол кырсыгы болуп, айдоочу мерт кетти. Дагы 3 киши жабыркаган. Алардын арасында мурунку Унаа министри Аргынбек Малабаев да болгон.