Караколдо 16 жаштагы өспүрүмдөр унааны айдап качышкан

10:50, 28 января 2019, Бишкек - 24.kg

Караколдо 16 жаштагы өспүрүмдөр унааны айдап качышкан. Бул тууралуу ШИИБдан билдиришти.

Маалыматка караганда, ШИИБга 39 жаштагы жаран кайрылып, 25-январда белгисиз бирөөлөр унаасын айдап качып кетишкенин айткан.

«Унаа Кара-Ой айылынан табылган. Шектүү катары 16 жаштагы 2 бала кармалды. Алардын бири буга чейин каракчылык боюнча соттолгону маалым болду. Учурда иликтөө башталды», -деп билдиришти ШИИБдан.