Караколдо 16 жаштагы өспүрүмдөр унааны айдап качышкан. Бул тууралуу ШИИБдан билдиришти.
Маалыматка караганда, ШИИБга 39 жаштагы жаран кайрылып, 25-январда белгисиз бирөөлөр унаасын айдап качып кетишкенин айткан.
«Унаа Кара-Ой айылынан табылган. Шектүү катары 16 жаштагы 2 бала кармалды. Алардын бири буга чейин каракчылык боюнча соттолгону маалым болду. Учурда иликтөө башталды», -деп билдиришти ШИИБдан.